Элсом

Мобилдик финансылык кызматтар (МФК) финансылык жана банктык операцияларды ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу өткөрүүнү сунуштайт. Бул кызматтар өзүнүн негизинде банк кызматтарын пайдаланбаган элге арналган.

ЭЛСОМ электрондук капчыгы – бул төлөм жүргүзүүгө, депозитке салууга, которууга, накталоого мүмкүндүк берген уюлдук телефон номери аркылуу берилген виртуалдык эсеп. Ал банктык эсептин мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт, бирок Сизге финансылык операцияларды мобилдүү ишке ашыруунун ыңгайлуу жана  жөнөкөй ыкмасын сунуштайт. Сиз мобилдик тармак жеткиликтүү болгон шартта, финансылык операцияларды каалаган жерде жана каалаган убакта өткөрө аласыз.

Электрондук капчык аткарган милдети боюнча ошол эле банк картасы, болгону уюлдук телефондо.

ЭЛСОМ миссиясы –заманбап финансылык кызматтарды ар бир адамга жеткиликтүү кылуу.

ЭЛСОМ аркылуу кийинкилерди жеңил жана коопсуз аткарса болот:

  • Дүкөндөрдө, анын ичинде интернет-дүкөндөрүндө, товар жана кызмат сатып алуу
  • ТЖЧ, интернет, кабелдик телекөрсөтүү  кызматтары үчүн төлөө
  • Телефон балансын толуктоо
  • Чет өлкөдөн акча которууларды алуу

Мунун баары уюлдук телефон аркылуу.


Online Application

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами