Кыргыз банктарындагы депозиттик эсептердин үчтөн экиси чет өлкө валютасында ачылган. Бир жыл мурун сом жана доллар депозиттеринин саны дээрлик бирдей болгон.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экинчи квартал үчүн отчетуна ылайык, Кыргызстандын жарандары аманат эсептеринин 65 пайызын чет элдик валютада ачты.
Регулятордун маалыматы боюнча, жеке адамдардын депозиттик эсептеринде 24 миллиард сомго жакын чет элдик валюта, ал эми улуттук валютада болгону 15 миллиард сом бар.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ошондой эле бир жыл мурун сом жана доллар түрүндөгү каражаттардын көлөмү дээрлик бирдей болгонун белгилейт: тиешелүүлүгүнө жараша 15 жана 16 миллиард сом.