Кыргызстанда эң популярдуу чет элдик валюта – АКШ доллары өзүнүн позициясын бекемдөөдө. Учурда Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда аны 66,5 сомдон сатып, 65,4 сомдон сатып алууда. Ошентип, кайрадан тарыхый максимумга жетти.

Эске салсак, Кыргызстанда доллардын курсунун кескин секирүүсүнө Казакстанда валюта коридорунун жоюлушу жана эркин өзгөрүлмө алмашуу курсуна өтүүсүнө байланыштуу теңгенин кулашы себеп болгон. Натыйжада казак валютасы долларга карата 35% арзандады.

Кыргызстандын валюта рыногу теңгенин кулашына реакциясын токтото алган жок. Учурда борбордогу акча алмаштыруучу жайларда теңгени 0,245 сомдон сатып алып, 0,27 сомдон сатууда. Бир нече күн мурун сатып алуу курсу 0,324 сом, сатуу курсу 0,327 сом болгон.

Рубль дагы арзандап, акча алмаштыруу жайлары аны 0,95 сомдон сатып алып, 0,97 сомдон сатууда.

Бирок, евронун курсу өсүш көрсөтүп жатат. Акча алмаштыруучу жайларда сатып алуу 71,5 сом, сатуу 73 сом.

Улуттук банк эмне болуп жатканы боюнча так түшүндүрмө бере элек. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш кечээ, 20-августта белгилегендей, өлкөдө сомдун долларга карата курсунун төмөндөшүнө эч кандай ички себептер жок: импортчулар долларга суроо-талаптын жогорулашын байкабай жатат, банк системасы жана акча алмаштыруу бюролору чет элдик валютанын жетишерлик көлөмү. Кечээ Улуттук банк интервенция менен валюта рыногуна кирбөө чечимин кабыл алды.

Ушундай эле кырдаалга “Альянс” алмашуу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков комментарий берди. Ага карабастан доллардын курсу белгисиз себептерден улам дээрлик саат сайын көтөрүлүп келүүдө.