Бир жолу Алмагүл Деркембаева тигүүчү болуп иштеген. Ал эми өзүнүн тигүү цехин ачып, балдарына жакшы билим берүүнү кыялданчу.
Жаш аялдын беш баласы бар. Алмагүл балдарын бутуна тургузуу үчүн талыкпай эмгектенди. 10 жылдан ашык тигүүчү болуп иштеген Алмагүл үйүндө жеке тигүү цехин ачууну чечти. 2013-жылдын май айында Алмагүл ИНКОМ микрофинансылык компаниясына биринчи насыя алуу үчүн кайрылып, өзүнүн тигүү цехин ачкан. Андан кийин Алмагүл кезектеги кредитти алып, анын жардамы менен товар жүгүртүүсүн көбөйтө алды. Бүгүнкү күндө Алмагүл "ИНКОМ" компаниясынын ийгиликтүү кардарларынын бири.
Алмагүл жакынкы арада тигүү цехинин имаратын куруп, тигүү машиналарын алууну пландоодо. Ошону менен жаңы жумуш орундары камсыздалат. Алмагүл бош убактысында тамак жасаганды, неберелерин караганды жакшы көрөт