Эмгек аздан өнмөк аз

Ахматов Мирлан Абдимиталиповичтин Ош шаарында “Арзан” деген жеке дүкөнү бар, анда ал көпчүлүккө керек товарларды сатып, имараттын жарымын ижарага берет. Дүкөн “Ош-Алай-Ош” трассасынын боюнда жайгашкандыктан товар (азык-түлүк продуктулары) тез эле өтөт. Ал 20 жылдан бери соода-сатык менен алектенип, бул тармакты абдан жакшы билип калган.

Кардардын келинчеги бар, жубайы: Акматова Бегимай Мамазакировна К.Момбеков атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабият сабагы боюнча мугалим. Кардар менен келинчеги бош убактысынын баардыгын өздөрүнүн огородунда өткөрүшөт. Күнүмдүк тамактанууга керек болгон баардык жер-жемиштерди айдашат. Кардарыбыз үйдүн улуусу болгон соң ата-энесине, алардын чарбасына да көмөктөшөт. Мирландын коңшулары жана достору ал жөнүндө жылуу гана сөздөрдү айтышат.

Мирландын эки баласы бар. Уулдары Актан менен Максат мектепте окушат.

Кардар компания менен 2012-жылдан бери кызматташып келет. Алган каражаттын эсебинен Мирлан Абдимиталипович дүкөнүндөгү каражат жүгүртүмүн жогорулатып, үйүн бүтүрүп алды.


Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами