“ИНКОМ” микрофинансылык компаниясы ЖАКсы Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык жана физикалык жактарга микрофинансылык продукттарды жана кызматтарды сунуштайт. Компаниянын ишмердүүлүндөгү приоритеттүү багыт катары кичи бизнести каржылоо жана жаш ишкерлерди колдоо болуп саналат. Ошондой эле “ИНКОМ” МФК” ЖАК биздин регион үчүн салттуу болуп саналган бизнестин, өзгөчо айыл чарбасынын өнүгүүсүн колдойт.

“ИНКОМ” МФК” ЖАК өзүнүн насыя программаларын иштеп жатканда кардарлардын керектөөлөрүнө, Кыргызстандын микрофинансылык рыногундагы абалга жана ортобазардык пайыздык ченге ылайык багыт алып, ошонусу менен максималдуу пайдалуу жана актуалдуу продуктарды жаратат. Алардын негизги максаты Кыргызстандагы орто бизнесинин өнүгүүсүн колдоо жана жалпы эле өлкөнүн турмуш шартын жакшыртуу.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттарындагы процесстерди тынымсыз жакшыртуу максатында “ИНКОМ” МФК” ЖАК, каржылоонун жаңы программаларын иштеп чыгып микрофинансылоонун шарттарын тармак аралык, улуттук жана регионалдык өзгөчөлүктөргө жараша ылайыкташтырат.

“ИНКОМ” МФК” ЖАК бул ыкчам өнүгүп жаткан микрофинансылык компания, анын максаты микрофинансылык кызматтарды сапаттын дүйнөлүк стандарттарына ылайык тейлөө көрсөтүү. Ушундай эле кызмат көрсөткөн “ИНКОМ” МФК” ЖАКтын башка компаниялардан негизги айырмачылыгы бул ар бир кардар менен индивидуалдуу мамиле түзүү жана кыска мөөнөттө табыштамаларды карап чыгуу.

Компания 2010-жылы жоопкерчилиги чектелген коом формасында түзүлүп микрокредиттик компания болчу. 2012-жылы уюмдаштыруучулардын чечими менен микрокредиттик компания жабык акционердик коомунун укуктук нормативдик форма менен микрофинансылоо компаниясы болуп өзгөртүлгөн. Кампаниянын учурдагы акционерлери 2 физикалык жак  - Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп келет. 2015-жылдын июль айында Чүй-Бишкектик юстиция башкармалыгынын буйругу менен “Еврозайм” микрокредиттик компаниясы ЖЧКсы “Инком” Микрофинансылоо комапаниясы ЖАКсына кошулуу формасында реорганизацияланган.

Компаниянын миссиясы:

Кыргызстандагы кичи жана орто бизнестин өнүгүүсүнө насыя берүү аркылуу колдоо көрсөтүү жана жакрчылыкты жокко чыгаруу.

Компаниянын максаты:

Компаниянын негизги максаты Кыргыз Республикасынын калкынын жакырчылыгын жокко чыгаруу, иш менен камсыз болуусунун деңгээлин жогорулатуу, ишмердүүлүктүн жана социалдык мобилизациялоонун өнүгүүсү үчүн микрофинансылоо боюнча жеткиликтүү кызмат  көрсөткөн туруктуу жана заманбап стандарттардын  талаптарына дал келген финансы-кредиттик мекемени куруу аркылуу киреше көрүү.

Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами