Колуңан эмне келсе ошону жаса!

Майрамбек Шабданалиев Нарын облусунда чабандардын үй бүлөсүндө туулган. СССР таркагандан кийин ЖОЖду аяктаган Майрамбек мал багуу жана жер иштетүү менен алектенүүнү чечти. Жерди ижарага алып, картошка тигип мал бакты. Балдары чоңоюп калганда 150 миң сом суммасындагы алгачкы кредитин алууну чечти. Бир нече уйларды сатып алып алардын сүтүн өткөрүүдөн пайда көрө баштады. Тырышчаактыгынын жана эмгекчилдигинин арты менен Майрамбек бодо малынын санын 2 эсе көбөйтүп алды.

“Менин ата-тегим малчы болгон. Мен өзүмө жаккан иш жасап жатканыма кубанам”, - деп Майрамбек баса белгиледи.

Үй бүлөлүк бизнеске байбичеси балдары менен көмөктөшүшөт. Майрамбек асыл тукум жылкыларды алып күлүктөрдү таптоону ойлонуштуруп жатат.


Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами