Алмагүлдүн алтын колдору…

Кайсы бир убакытта Алмагүл Деркембаева тикмечи болуп иштеген. Ал өзүнүн жеке цехин ачып балдарына жакшы билим берүүнү кыялданчу.

Жаш келиндин беш баласы бар. Аларды бутуна тургузуу үчүн Алмагүл күн-түн тынбай иштеди. 10 жылдан бери тикмечи болуп эмгектенип келген Алмагүл тигүү цехин өзүнүн үйүндө ачууну чечти. 2013-жылдын май айында Алмагүл “ИНКОМ” микрофинансылык компаниясына кайрылып, алгачкы кредитине өзүнүн тигүү цехин ачты. Андан кийин Алмагүл дагы бир кредитти алды, анын жардамы менен жүгүртүү каражаттарын жогорулатып алды. Бүгүнкү күндө Алмагүл “ИНКОМ” компаниясынын ийгиликтүү кардарларынын бири.

Жакынкы маалда Алмагүл тигүү цехи үчүн имарат салууну жана тигүү машинкаларын алууну пландаштырып жатат. Ошону менен ал жаңы иш орундарын камсыздайт. Ал эми бош убактысында Алмагүл тамак даярдаганды жана неберелерин бакканды жактырат.


Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами