Керемет банк

Банктын биринчи жолку катталган датасы 20 декабрь 2010 жыл – ААК «Залкар Банк», ААК «АзияУниверсалБанк» («АУБ») активдеринин жана милдетмелеринин базасында түзүлгөн, алар уюштуруучунун жана «АУБдун» атайын администраторунун (жоюучу), ДЕБРА банктарды кайра уюштуруу жана карыздардын түзүмүн өзгөртүү боюнча агенттиктин чечиминин негизинде жаңы Банкка берилген.

2013 жылы кыргыз-россия Өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиянын 15-отурумдун чечиминин негизинде, мамлекеттик ААК «Залкар Банктын» 90% акциясы россиялык ААК «ИТБ Холдингге» сатылган, 10% акция Мамлекеттик Мүлктү башкаруу боюнча фонддун (ММБФ) атынан КР Өкмөтүндө калган. 2013 жылдын июнь айында ААК «Залкар Банк» фирмалык аты ААК «Россиялык Инвестициялык Банк» («Росинбанк») аталышына өзгөргөн.

2018 жылдын октябрь айынан баштап ААК «Росинбанк» акциялар пакетинин негизги ээси болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы болгон, анын үлүшү 2019 жылдын май айындагы кезектеги эмиссиядан кийин 95% ашыкты түзгөн, калган акциялар миноритардык ээлердин тескөөлөрүндө болгон. 2019 жылдын август айында акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен ААК «Росинбанк» аталышын, ААК «Керемет Банк» аталышына өзгөргөн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кайра каттоо өтүү жол-жобосу жүрдү жана юридикалык жактын кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө 2019 жылдын 27 сентябрдан ГПЮ сериасында №0037628 Күбөлүгү берилди. Фирмалык аталыштын өзгөргөнүнө байланыштуу 2019 жылдын 3 октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында улуттук же/жана чет өлкөлүк валютада - №049 банктык операцияларды аткаруу укугуна Лицензия кайрадан жазып-катталган.

2019 жылдын сентябрь айынан баштап Банк ААК «Керемет Банк», ААК «Росинбанк» укуктары, активдери жана милдеттенмелеринин укугун мурастоочусу болуп, жаңы бренд алдында Кыргыз Республикасынын рыногунда ишин улантууда.


Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами