Кыргыз Республикасы 1993-жылы Эл аралык финансы корпорациясына (IFC) кошулган жана уставдык капиталдын 0,07%ына ээ. Дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү болгон IFC жеке секторго гана багытталган эң ири глобалдык өнүктүрүү институту болуп саналат, IFC компаниялардын ишин жакшыртууга, жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүүгө жана чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) каржылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жардам берет.