Швейцариялык капиталы бар өлкөдөгү биринчи жана жалгыз банк катары "Кыргыз-Швейцария Банкы" жабык акционердик коому Кыргыз Республикасындагы корпоративдик, институционалдык жана жеке кардарларга корпоративдик жана инвестициялык банктык продуктыларды жана кызматтарды көрсөтөт. Банк ошондой эле финансылык, консультациялык жана капитал рыногу боюнча кызматтарды сунуштайт.
Түзүлүш мезгилинен кийин оң финансылык натыйжага жетишүү менен Банк өнүктүрүү стратегиясын улантууда, анын негизги максаты кардарларынын финансылык муктаждыктарын канааттандыруу менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүү болуп саналат. KSB Кыргыз Республикасынын рыногунда туруктуу жана мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу үчүн швейцариялык банктардын тажрыйбасын колдонот. Банктын ийгилиги анын кардарларынын ишенимине жана кардарларга багытталган мамилесине негизделген.