Pay24 төлөм системасы 2014-жылы түзүлгөн жана төлөмдү кабыл алуу рыногунда түзүлгөндөн бери иштеп келет. 2015-жылы Компания Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан эки лицензия алган.

Бүгүнкү күндө төлөм системасы динамикалуу өнүгүп жатат жана Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча рыноктун лидери болуп саналат. Ар кандай төлөм кызматтарынын жардамы менен калк, коммерциялык уюмдар, мамлекеттик органдар жана банктар каалаган убакта жана каалаган жерде электрондук төлөмдөрдү жүргүзө алышат.

Калк уюлдук байланыш, стационардык байланыш, интернет кызматтары, коммуналдык кызматтар, телекөрсөтүү, банктар, жарнамалар, социалдык тармактар, онлайн оюндар жана башка көптөгөн кызматтарды төлөө үчүн ыңгайлуу жана күнү-түнү жеткиликтүүлүктү алат.