Дүйшөмбү күнү, 2015-жылдын 28-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы негизги ченди 200 базистик пунктка, жылдык 10%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.
2015-жылдын январь-август айларындагы экономикалык өсүштүн жогорку темптери (6,8%) негизинен Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларда өндүрүштүн көбөйүшү менен шартталган. Кумтөрдү эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүү темпи 4,5% түздү.
Ошентсе да, тышкы соода операцияларынын көлөмүнүн жана акча которуулардын агымынын кыскаруусу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөшү болуп саналган өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын нарксыздануусунан улам байкалышы уланууда. Тышкы финансы рынокторунда туруксуздук сакталып турат, бул ушул факторлор менен бирге биздин өлкөнүн ички валюта рыногуна басымдын күчөшүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат, ал кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү келечекте инфляциялык басымды күчөтүшү мүмкүн.
<б> Үстүбүздөгү жылдын сентябрынын ортосуна карата жылдык инфляция мурунку айдагы 5,8% га салыштырмалуу 6,2% (18-жылга карата) түздү.Инфляция процесстеринин болжолдонгон динамикасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн экономикасындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантат жана мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларды көрөт. Акча-кредит саясаты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын орто мөөнөттүү мезгилге акча-кредит саясатынын негизги багыттары менен аныкталган орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 5-7% деңгээлинде кармап турууга жана жетишүүгө багытталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын кезектеги отуруму 2015-жылдын 26-октябрына белгиленген, анда негизги чендин өлчөмү жөнүндө маселе каралат.
Булак: http://ub.kg/ru/natsionalnyj-bank-kr-prinyal-reshenie-povysit-razmer-uchetnoj-stavki-do-10/