Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын курсунун төмөндөшүн жумшартуу үчүн 18,3 миллион доллар сатты. Акча алмаштыруу жайлары долларды 70,6 сомдон сатып жатышат.

Америкалык валюта бир күндө баасын жоготту. Учурда акча алмаштыруу жайлары долларды 70,6 сомдон сатууда, бул кечээки баадан 1 сомго арзан. Акча алмаштыруу жайлары “америкалыкты” 70 сомдон сатып алууга даяр.

Бир күн мурун Кыргызстандын Улуттук банкы валюталык интервенция жасады: жөнгө салуучу рынокто 18,3 миллион доллар сатты.

Бул сентябрдагы экинчи чара. Дүйшөмбү күнү Улуттук банк 17,6 миллион доллар сатты.

Булак: http://ru.sputnik.kg/economy/20150917/1018398681.html#ixzz3m4BkWzY8