Ахматов Мирлан Абдимиталиповичтин Ош шаарында «Арзан» жеке дүкөнү бар, ал жерде эл керектөөчү товарларды сатат, ошондой эле имараттын бир бөлүгүн ижарага берет. Дүкөн Ош-Алай-Ош унаа жолунун боюнда жайгашкан, ал жерде товарлар (тамак-аш азыктары) оңой жана тез сатылат. Ал 20 жашынан бери соода менен алектенет жана бул тармакты жакшы билет.
Кардар үй-бүлөлүү, жубайы: Акматова Бегимай Мамазирировна К.Момбеков атындагы орто мектепте мугалим болуп иштейт, кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Кардар жубайы менен бош убактысынын баарын өз бакчасында өткөрүшөт. Алар күнүмдүк тамак-ашына керектүү бардык жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Кардар үй-бүлөнүн улуусу болгондуктан ата-энесине кам көрүп, үй иштерине ар тараптан жардам берет. Мирландын кошуналары жана достору ал жөнүндө жакшы сөздөрдү айтышат.
Мирлан эки баланын атасы. Уулдары Актан менен Максат мектепте окушат.
Кардар компания менен 2012-жылдан бери кызматташып келет. Алган акчасына Мирлан Абдимиталипович дүкөндөгү товар жүгүртүүнү көбөйтүп, үйдүн курулушун бүтүрдү.