КЫРГЫЗСТАН ЖАНА КЫТАЙ УЛУТТУК БАНКТАРЫНЫН БАШЧЫЛАРЫ КЫЗМАТТАШТЫК МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

2015-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы кытайлык делегациянын иш сапарынын алкагында эки тараптын кызматташтык маселелери талкууланып, Кыргызстандын Улуттук банкы менен Кытай Эл банкынын ортосунда Ниеттенүү боюнча протоколго кол коюлду.

Документке Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен Кытай Эл банкынын башчысы Чжоу Сяочуань кол коюшту.

Меморандумга кол коюу салтанатына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарлары Бактыгүл Жээнбаева менен Нурбек Жеңиш да катышты. Ал эми кытайлык делегациянын курамында Кытай Эл банкынын жетекчисинин орун басарлары Чангчун Му, Кытай Эл банкынын эл аралык департаментинин башкы директору Джун Ксю жана Кытай Эл банкынын эл аралык департаментинин директору Минг Ай болду.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов бул документке кол коюу менен экономиканын бир катар тармактарында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат деген ишенимин билдирди. «Биз сиздерди Кыргызстанда көрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Бул биз үчүн маанилүү окуя. Анткени акыркы жолу Кытай Эл банкынын төрагасы Кыргызстандын Улуттук банкына мындан 10 жыл мурда келген эле. Мен биздин банктардын ортосундагы кызматташтык жана коммуникацияны бекемдөө боюнча ишмердүүлүгүбүзгө өзгөчө басым жасайбыз деген ойдомун», − деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.

Кытай Эл банкынын башчысы Чжоу Сяочуань өз кезегинде кыргыз тараптын жылуу кабыл алып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирип, бул Меморандум эки тараптуу кызматташтык алкагында маанилүү ролду ойной тургандыгын жана банктар аралык байланыштын тарыхындагы жаңы барактын ачылышына себеп болорун айтты. «Менимче биздин иш сапардын маңызы, биринчи кезекте, кыргыз тарап менен маалымат алмашуу жагында жатат. Биз өлкөлөрдүн макроэкономикалык абалы жана Кыргызстан менен Кытайдын улуттук валюталары тууралуу маалымат алып, пикир алмаштык. Бүгүн биздин борбордук банктардын алдында көптөгөн маселелерди чечүү талабы турат. Кол коюлган Меморандум мындан кийинки жол картасы катары кызматташтыктын ишин пландаштырууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ал сөзсүз түрдө мындан кийинки ийгиликтүү иштешүүбүзгө жакшы түрткү берет», − деп билдирди Чжоу Сяочуань.

Кытай Эл банкынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кытай Эл Республикасынын Борбордук банкынын ортосундагы учурдагы мамилелер тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыктан, эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү зарылчылыгын белгилеп өттү. «Акыркы жылдары эки өлкө ортосунда соода жана туризм тармагында өнүгүү тенденциясы байкалып жатат. Ал эми биздин финансылык институттардын арасында, анын ичинде банктарда, кызматташуу жогоруда айтылган тармактардай өнүкпөй, бир аз артта калууда. Келечектеги финансылык кызматташуу маселеси азыркы тапта абдан актуалдуу. Бул кызматташуунун негизги мүмкүнчүлүктөрүнүн бири – улуттук валюталардагы СВОП, бул аракет макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Биргелешкен кызматташуунун экинчи маанилүү багыты бул – соода жана туризм тармагынын ишин жеңилдеткенге жардам берүүчү төлөм системаларын өнүктүрүү. Үчүнчү багыт − эсептешүүлөрдү улуттук валюталарда жүргүзүү, бул бизге акча алмаштыруу курсунун туруксуздугунан көз карандысыз болууга жардам берет. Албетте бул кийин эки өлкөнүн аймагында биздин банктардын өкүлчүлүгүн ачууга мүмкүндүк түзөт. Ошону менен бирге экономиканын реалдуу секторунда бизнестеги финансылык кызмат көрсөтүү деңгээли жогорулап, туризм жана инвестиция тармагындагы кызматташыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошулат. Келечекте эки тарапка тең кеңири финансылык мүмүкүнчүлүктөрдү сунуштай алабыз деп ойлойм. Кытай жана Кыргызстан жакшы кошуналар. Биздин саясий жана экономикалык мамилелер ийгиликтүү өнүгүп жатат. Белгилей кетчү нерсе, ийгиликтүү кызматташууга эки тарап тең кызыкдар. Биздин азыркы аракеттерибиз келечектеги кызматташууга жана достукту бекемдөөгө жардам берет деп ишенебиз. Ал эми банкир жана финансисттер бири-биринен үйрөнүүсү абдан маанилүү», − деп Кытай Эл банкынын жетекчиси өз сөзүн жыйынтыктады.

Ниеттенүү боюнча протокол Кыргызстан менен Кытайдын борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыктын бир катар багыттарын бекемдөөгө багытталган. Анын катарында – эки өлкөнүн финансылык мекемелеринин ортосундагы эки тараптуу соода-сатык жүргүзүү жана инвестициялоо боюнча кызматташуу менен кытайдын юани, кыргыздын сомун эффективдүү колдонуу, байланышты бекемдөө дагы бар. Мындан сырткары, мыйзамга ылайык жергиликтүү валюталар аркылуу төлөм жана эсеп жүргүзүү боюнча тийиштүү маалыматтарды алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн эки тараптан колдоо көрсөтүү каралат.

Чжоу Сяочуань башында турган Кытай Эл банкынын делегациясы расмий иш сапары менен Кыргыз Республикасында 28-сентябрдан бери жүрүшөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги менен жолушуп, Ниеттенүү боюнча протоколго кол коюудан сырткары, иш сапардын алкагында делегация Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Премьер-министр Т.Сариев менен жолугушту.

Опубликовано Sep 30, 2015 / Жаңылыктар

Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами