ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ: НЕФТИНИН АРЗАНДАШЫ ДОЛЛАРДЫН ӨСҮШҮН ШАРТТАП ЖАТАТ

Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүнүн алдын алуу максатында Улуттук банк жыл башынан бери 18 ирет валюталык интервенция — беш жолу 43,95 миллион долларга сатып алуу жана 214,94 миллион доолар сатуу операцияларын жүргүзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрына карата АКШ долларынын башка валюта түрүнө карата кымбатташы катталганын Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери казак теңгеси 48,6 пайызга, евро 9 пайызга, россия рубли 15,6 пайызга төмөндөгөн. Мындан улам доллар аталган валютага карата 21,8 пайызга жогорулаган.

«Буга нефть баасынын бир баррель үчүн 48,75 доллар болуп арзандашы жана казак теңгесинин кескин девальвациясы себеп болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеме доллар улуттук валюта сомго карата жыл башынан бери 68,86 сомдук чекке жетип16,9 пайызга кымбаттаганын белгилейт.

Валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн Улуттук банк чет элдик валютаны сатып алуу жана сатуу боюнча интервенция жасап, эсептик коюмду өзгөрттү.

«Акыркы жолкусунда эсептик коюм 10 пайызга чейин жогорулатты. Ага экономикалык өсүүнүн көрсөткүчтөрү, тышкы соода операцияларынын кыскарышы жана акча которуулардын азайышы таасир тийгизди», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүнүн алдын алуу максатында Улуттук банк жыл башынан бери 18 ирет валюталык интервенция — беш жолу 43,95 миллион долларга сатып алуу жана 214,94 миллион доолар сатуу операцияларын жүргүзгөн.

«Январь айынан баштап август айына чейинки аралыкта инфляциянын деңгээли 100,1 пайыздын түздү», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча айрым товарлардын кымбатташы доллар курсунун жогорулашы менен байланыштуу экенин белгилейт.

Источник: http://sputnik.kg/economy/20151003/1018908051.html#ixzz3nTZPgrVI

Опубликовано Oct 3, 2015 / Жаңылыктар

Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами