НАРЫНДА ИШКЕРЛЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛАТ

Нарын облусунун экономикалык, социалдык абалын өнүктүрүү, инвестициялык жагдайды жакшыртуу максатында Ишкерлерге маалымат-кеңеш берүү борбору уюштурулат.

Мындай чечим 2015-жылдын 13-августунда Нарын шаарында өткөн  Регионалдык Инвестициялык Кеңештин отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу “Бизнес Кыргызстанга” Кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат-катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Аталган отурумга  ыйгарым укуктуу өкүлдүн кызматкерлери, Нарын шаарынын мэри, райондук мамадминистрация кызматкерлери, Нарын облусунун бизнес ассоциациялары, эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Маалымат борборун уюштуруу жана донорлорду табуу милдети  өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнө жүктөлдү. Мындан тышкары Кеңештин отурумунда Нарында туризмди өнүктүрүү маселеси көтөрүлүп, жергиликтүү туризм ассоциациялардын ишин жакшыртуу чаралары талкууланды. Ошондой эле аймактагы орто жана чакан бизнес өкүлдөрүнө шарт түзүү тапшырмасы коюлду.

Маалымат үчүн: Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык инвестициялык Кеңеш 2014-жылдын 2-майында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин жана ЮСАИД Реформа долбоорунун колдоосунда түзүлгөн.

РИК Нарын облусунда бизнес-чөйрөсүн жана инвестициялык жагдайды жакшыртуу маселелери боюнча жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик бийлик органдары үчүн сунуштамаларды, сунуштарды иштеп чыгууну, даярдоону жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүн тездетүү үчүн зарыл иш-чараларды жүзөгө ашырууну камсыз кыла турган кеңеш берүүчү-консультативдик органы болуп эсептелет.

Асель Акматалиева

Опубликовано Oct 14, 2015 / Жаңылыктар

Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами