Суроо

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!

ТурдажиевТалантбек

Саламатсызбы!

Биз тиричилик техникасын сатып алалы деп жатабыз, суммасы 40 000с.

Жолдошумдун айлыгы 15000с, мен тигүүчү цехте жарым ставкага иштейм, маалым кат жок. Мен шаарда катталган, жолдошумдун каттоосу Ысык-Көлдө. Кепилдик берүүчүбүз бар.

“ИНКОМ” МФК” ЖАК

Саламатсызбы, аталган сумма кардарларга күрөөсүз негизде берилет. Айлык акы кредити (айлык акы тууралуу маалым кат,жашаган жеринен маалым кат,Кепилдик берүүчүдөн да ушул эле маалым каттар, эгер никеси болсо жубайыңардын (жолдошуңардын) макулдугу сөзсүз керектелет). Бул кредиттин алкагында биз 50 000 сомго чейин күрөсүз беребиз. Пайыздык чени айына – 2,9%.

Жогоруда саналган документтердин баардыгын чогулткандан кийин табыштама калтырып кетсеңиз болот. 2 күндүн ичинде каралып чыгат.

Майрамбеков Бакыт

Salamatsyzby!!! 30000 alsambydegem!!! Kuroosujok?!

“ИНКОМ” МФК” ЖАК

Саламатсызбы, ооба сиз күрөөсү жок “Айлык акы кредити” кредитин алсаңыз болот. Ал үчүн Сиз төмөнкү дркументтерди чогултуп беришиңиз керек:

-паспорт

-жашаган жеринен маалым кат

-6 айда алган айлык акы тууралуу маалым кат

-1 кишинин кепилдик берүүчү болуп берүүсү (паспорт, жашаган жеринен маалым кат жана 6 айда алган айлыгы тууралуу маалым кат).

Биз Бишкек ш., Киев көч. 155-3 (Турусбеков менен кесилишинде)дарегинде жайгашканбыз.

1 күндүн ичинде каралып чыгат.

Асылбекова Айканыш

Саламатсызбы, 330000 керек, күрөөгө 20сотка жер тилкеси бар 3 бөлмөлүү үйдү коем, шаардан 20км аралыкта жайгашкан. Жумушум бар бирок маалым кат берилбейт.

“ИНКОМ” МФК” ЖАК

Саламатчылык, сиз “Кирешени тастыксоосуз кредит алуу” кредитин алсаңыз болот, сиз берген маалыматты эске алып, Сиздин кирешеңизди жана кредит эмнеге колдонула тургандыгын (максаты) тактоо керек. Биздин адистер сиздин кирешеңизди анализдеп чыгышат. Биз менен

  • 0(312) 39 16 34,
  • 0550 39 16 34,
  • 0772 39 16 34 телефондору боюнча байланышсаңыз болот.
Деркембаева Гуляйым

Саламатсызбы, а эгер менде иштеген жеримен маалым кат берип, айлык акым тууралуу маалымат билдирүү мүмкүнчүлүгүм жок болсочу? Бирок менде кредит төлөөгө шартым бар. Досторумдун арасында деле мага кепилдик берүүчү адам болуп документ бере тургандары жок, бирок жумуштары бар. Силерден 15000 сом өлчөмүндөгү кредит алса болобу? Бардык документтерди көрсөтүп берем. ID-паспорт, Чет өлкөгө чыгуучу паспорт жана жашаган жеримен маалым кат! Суранам жооп бериңизчи! Мага аябай акча керек болуп жатат.

“ИНКОМ” МФК” ЖАК

Сиздин кирешеңизди кыйыр түрдө көрсөтүп берсе болот, мисалы, төлөгөндүгү тууралуу квитанциялар (акча которуу системасы) аркылуу, жакында эле сатып алган кымбат тиричилик техникасынын, эмеректин, жасалган оңдоп түзөө иштеринин чектерин, тынымсыз чет өлкөгө чыгып жүргөнүңүздү далилдөөчү Чет өлкөгө чыгуучу паспорт ж.б. Кененирээк маалымат алуу үчүн Бишкек ш., Киев көч. 155-3 (Турусбеков менен кесилишинде)дареги боюнча кайрылыңыз, же болбосо:

  • 0 (312) 39 16 34,
  • 0550 39 16 34,
  • 0772 39 16 34 телефондору боюнча чалыңыз.

Online Табыштама

Ваша заявка принята, наш оператор обязательно с Вами свяжемся!


Укажите удобное для Вас время, чтобы наши операторы могли связаться с Вами